23-сентябрь Кыргыз Тилинин майрамы!

23-сентябрь Кыргыз Тилинин майрамы!

Кымбаттуу студенттер! 

Эне тил... Кулакка кандай жагымдуу угулат. Эзелтеден  өз жерин мекендеген адам баласы дал ошол өз эне тилинде сүйлөп келет... 

23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү. Мындан туура 32 жыл мурун, тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамын кабыл алып, андан соң кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамын берген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган. 

Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилиши-адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, ошону менен бирге коомдун руханий жаңылануусуна, жаңыча ой жүгүртүүсүнө, эне тилдин кадырын көтөрүүгө ташталган зор кадам болгон. 

Мына, ошол күндөн бери, 23-сентябрь-кыргыз тил майрамы катары белгиленип келет. Бул күнү билим берүү мекемелеринде кыргыз тили боюнча ар кандай сынактар уюштурулуп, концерттик программалар менен коштолот. Ушул майрамды утурлай, мамлекеттик деңгээлде атайын иш-чаралар өткөрүлүп, кыргыз тилин өнүктүрүү, үйрөтүү маселелеринин тегерегинде талкуулар болуп турат. 

Биздин ЕЭМУ дагы жалпы кыргызстандыктарды улуттун баа жеткис байлыгы, руханий куралы болгон-мамлекеттик тил майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайт!

Эсен Салиев

Ректор

ЭММУДА Мамлекеттик тил жумасы:

16 сентябрда

Жуманын ачылышы, куттуктоо сөзү

17 сентябрда

Адабий окуу

18-сентябрда

Кыргыз тилинде фильмдерди көрүү

20 сентябрда

Манас Күнү

21 сентябрда

Студенттер темада тегерек стол

Кыргызстан тууралуу сүйлөшөлү"

22 сентябрда

Менин сүйүктүү аят

23 сентябрда

кылым карыткан кыргыз тили "майрамдык мааракеси!”

Өткөрүү орду: 6-кабат. 621 Конференц-зал, ММУ корпусу. Убактысы:10:00-12:00.

14:00. ага жыйындар залы