Башкы

Эл аралык медициналык университети - билим берүү мекемеси (ОУ ММУ) 2019-
жылдын 18-мартында түзүлгөн. Кыргыз Республикасынын “Эл аралык медициналык
университети" билим берүү мекемеси - бул инновациялык билим берүүчү жана
илимий изилдөөчү, эл аралык статуска ээ жогорку окуу жай.
10.06.2020ж. "Эл аралык медициналык университети" билим берүү мекемеси Кыргыз
Республикасынын Юстиция министрлигинде кайрадан каттоодон өтүп, "Евразиялык
эл аралык медицина университети" (ЕММУ) билим берүү мекемеси болуп өзгөртүлдү.
Бүгүнкү күндө университет англис тилинде 5 жылдык билим берген "Дарылоо иши"
факультетин, заманбап "Авиценна Медикал" клиникасын камтыйт. Университетте
алдыңкы инновациялык шаймандар менен жабдылган он беш окуу-эксперименталдык
лабораториялар бар. Алар: физиология; патфизиология; микробиология; гистология
жана патанатомия; химия, физика жана башкалар. Илимий жана эксперименталдык
иштерди жүргүзүү үчүн коёндор, деңиз чочколору, ак чычкандар багылган атайын
Виварий ишке кирген. Евразиялык эл аралык медицина университети Кыргыз
Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бардык талаптарына жооп
берет. Билим берүү ишин жүргүзүүгө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин
кесиптик билим берүү жаатында окуу ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берген
Лицензиясы негиз болот.№ LS 190003488 Каттоо номери № D2019-0024. Мөөнөтү:
чексиз.
1) Университетте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик билим берүү
стандарттарынын англис тилинде окутууга карата талаптарына ылайык, жогорку
квалификациялуу окутуучулар курамы бар. Университеттеги билим берүү
процессинин жогорку сапатын ата мекендик жана чет өлкөлүк профессордук-
окутуучулук курамдын өкүлдөрү камсыз кылышат жана ар бир студент университеттин
англис жана орус тилдериндеги электрондук китепканасынын маалымат базалары
менен камсыз болгон.
2) Университеттин дүйнөлүк деңгээлдеги стандарттарга жооп берген билим берүүчү,
илимий жана медициналык базадан турган комплекси бар;
3) Университеттин ээлеген жалпы аянты 12000 чарчы метрден ашык;
4)  Университеттин аймагында чет элдик студенттердин гастрономиялык жана
маданий табитине ылайык 2200 орундуу жатакана орун алган.
6) Университетте китепкана фонду 50,000 нускадагы китептерди, студенттерге толук
кандуу билим берүү үчүн зарыл болгон окуу куралдарын, окуу-методикалык
материалдарды, компьютердик планшеттерди камтыган заманбап китепкана бар.
Студенттер китепкананын электрондук маалымат базаларына аралыктан кирүүгө
мүмкүнчүлүк алышкан.
7) Студент ЕММУну ийгиликтүү аяктагандан кийин, КМШ өлкөлөрүндө жана бир катар
чет мамлекеттерде таанылган, Кыргыз Республикасынын жогорку медициналык
билим жөнүндөгү мамлекеттик үлгүдөгү дипломуна ээ болот.