Министр Бейшеналиев Билим берүү тармагында жасала турган реформалар тууралуу айтты

Министр Бейшеналиев Билим берүү тармагында жасала

турган реформалар тууралуу айтты

Кыргызстандын билим берүү тармагына жасала турган комплекстүү реформалар тууралуу бүгүн министр Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрдү. Анда бул тармактагы реформанын натыйжалары 3-5 жылдан кийин сезилерин айтты.

Мындан сырткары STEM системасын мектептерге киргизүү, окуу китептеринин системасын өзгөртүү, окуучулардын жылдык окуу саатын кыскартып, анын ордуна кесиптик курстарды ачуу тууралуу да сөз болду. Билим берүү тармагында күтүлүп жаткан реформалар жана буга карата адистердин сунуш-пикирлери тууралуу алдыда кененирээк баяндайбыз.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин маалыматында мындан ары өлкөдөгү билим берүүнүн мазмунуна Кыргыз билим берүү академиясы жооп берет. Аталган академиянын өзүндө да реформа жүрүп, предметтик кафедралар негизделет. Мындан сырткары бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын негизинде гана кызматка дайындалат. Окуу жылы аяктаган соң бир нече этап жана критерий менен белгиленген сынактын негизинде жетекчилер тандалып алынат. Ошондой эле министр STEM сабактарына да басым жасала турганын белгиледи. Муну менен бирге мугалимдерге акы төлөөнүн жаңы моделинде STEM сабагын бергендердин айлыгына кошумча 20% кошулат.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай, «Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүсү» жаңы долбоору демилгеленип, анда окуучулардын бир гана билим багытына басым жасалбастан, ар бир окуучу 11-классты бүтүргөндө бир же бир нече кесипти өздөштүрүүгө шарт түзүлөрүн маалымдады.

«Билим берүүнүн мазмуну өзөктүү түрдө өзгөрөт. Жакында, бир айдын ичинде билим берүүнүн жаңы бирдиктүү стандартын жарыялайбыз. Анын негизинде «12 жылдык билим» дегенди бекитип жатабыз. 12 жылдык билим дегенде дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Бизде буга чейин деле даярдоо классы (нулевой класс) деген бар болчу, ошону гана иреттеп коюу боюнча демилге көтөрүп жатабыз». 

Азыркы тапта STEM билим берүү тармагына муктаждык жана кызыгуу жогору болуп жатканын Хан академиясынын негиздөөчүсү Гүлзире Миңбаева да ырастады. Ал Кыргызстандын мектептерине аталган долбоорду киргизүү менен окуучулардын өз алдынча жана изденип окуусуна, теория негизинде алган билимин практиканын негизинде колдоно билүүгө түрткү болорун белгиледи. Миңбаеванын айтымында, билим берүү системасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында STEM сыяктуу комплекстүү сабактар киргизилгени жакшы натыйжа берип жатат.

«STEM билим берүү системасында окуп, билим алган балдардын өзгөчөлүгү — окуучулар азыркы өнүкөн заманга керектүү адистиктерге өз талабын коё алат. Окуучу өз алдынча аракеттене алса, креативдүү ой жүгүртө алса, сынчыл ой жүгүртө алса, аналитикалык ой жүгүртүүсү да күчтүү болсо, анда ири компаниялар талап кылган адис катары чоңураак рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алат».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова атайын педагогикалык тажрыйбасы болбогон адистер мектепке келип балдарды окутууга шарт түзүлүп жатканын айтып берди. Азыркы тапта бул боюнча билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, чаралар көрүлүүдө. Тактап айтканда, адистик сабактарын өтө турган мугалимден педагогикалык диплом талап кылынбайт.

«Мисалы, сиз жакшы инженерсиз, буга чейин бир да жолу мектепте иштеген эмессиз. А бирок математиканы мыкты деңгээлде билесиз жана балдарды жакшы көрөсүз, алар менен иштеше аласыз. Анда башка кесиптин ээси келип, керектүү кыска мөөнөттүү окутуудан өтүп туруп, мектепте иштей алат. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз».

Азыркы билим берүү тармагына реформа жүргүзүү үчүн гумандуу педагогикага басым жасоо зарыл. Бул тууралуу Эмгек сиңирген мугалим Орозали Сайдилканов билдирди. Гумандуу педагогика – ар бир баланын табиятына шайкеш келе турган окуу-тарбия ишин жүргүзүү. Ал билим берүүнүн мазмунун эки негизги багыт: мамлекеттик ченемдер жана жергиликтүү өзгөчөлүк түзөрүн айтты.

Кыргызстандын билим берүү тармагына жасала турган комплекстүү реформалар тууралуу бүгүн министр Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйын өткөрдү. Анда бул тармактагы реформанын натыйжалары 3-5 жылдан кийин сезилерин айтты. Мындан сырткары STEM системасын мектептерге киргизүү, окуу китептеринин системасын өзгөртүү, окуучулардын жылдык окуу саатын кыскартып, анын ордуна кесиптик курстарды ачуу тууралуу да сөз болду. Билим берүү тармагында күтүлүп жаткан реформалар жана буга карата адистердин сунуш-пикирлери тууралуу алдыда кененирээк баяндайбыз.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин маалыматында мындан ары өлкөдөгү билим берүүнүн мазмунуна Кыргыз билим берүү академиясы жооп берет. Аталган академиянын өзүндө да реформа жүрүп, предметтик кафедралар негизделет. Мындан сырткары бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилери сынактын негизинде гана кызматка дайындалат. Окуу жылы аяктаган соң бир нече этап жана критерий менен белгиленген сынактын негизинде жетекчилер тандалып алынат. Ошондой эле министр STEM сабактарына да басым жасала турганын белгиледи. Муну менен бирге мугалимдерге акы төлөөнүн жаңы моделинде STEM сабагын бергендердин айлыгына кошумча 20% кошулат.

Дагы бир көңүл буруучу жагдай, «Кыргызстандын мектеп бүтүрүүчүсү» жаңы долбоору демилгеленип, анда окуучулардын бир гана билим багытына басым жасалбастан, ар бир окуучу 11-классты бүтүргөндө бир же бир нече кесипти өздөштүрүүгө шарт түзүлөрүн маалымдады.

«Билим берүүнүн мазмуну өзөктүү түрдө өзгөрөт. Жакында, бир айдын ичинде билим берүүнүн жаңы бирдиктүү стандартын жарыялайбыз. Анын негизинде «12 жылдык билим» дегенди бекитип жатабыз. 12 жылдык билим дегенде дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Бизде буга чейин деле даярдоо классы (нулевой класс) деген бар болчу, ошону гана иреттеп коюу боюнча демилге көтөрүп жатабыз». 

Азыркы тапта STEM билим берүү тармагына муктаждык жана кызыгуу жогору болуп жатканын Хан академиясынын негиздөөчүсү Гүлзире Миңбаева да ырастады. Ал Кыргызстандын мектептерине аталган долбоорду киргизүү менен окуучулардын өз алдынча жана изденип окуусуна, теория негизинде алган билимин практиканын негизинде колдоно билүүгө түрткү болорун белгиледи. Миңбаеванын айтымында, билим берүү системасы жакшы өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасында STEM сыяктуу комплекстүү сабактар киргизилгени жакшы натыйжа берип жатат.

«STEM билим берүү системасында окуп, билим алган балдардын өзгөчөлүгү — окуучулар азыркы өнүкөн заманга керектүү адистиктерге өз талабын коё алат. Окуучу өз алдынча аракеттене алса, креативдүү ой жүгүртө алса, сынчыл ой жүгүртө алса, аналитикалык ой жүгүртүүсү да күчтүү болсо, анда ири компаниялар талап кылган адис катары чоңураак рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алат».

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова атайын педагогикалык тажрыйбасы болбогон адистер мектепке келип балдарды окутууга шарт түзүлүп жатканын айтып берди. Азыркы тапта бул боюнча билим берүү мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилип, чаралар көрүлүүдө. Тактап айтканда, адистик сабактарын өтө турган мугалимден педагогикалык диплом талап кылынбайт.

«Мисалы, сиз жакшы инженерсиз, буга чейин бир да жолу мектепте иштеген эмессиз. А бирок математиканы мыкты деңгээлде билесиз жана балдарды жакшы көрөсүз, алар менен иштеше аласыз. Анда башка кесиптин ээси келип, керектүү кыска мөөнөттүү окутуудан өтүп туруп, мектепте иштей алат. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз».

Азыркы билим берүү тармагына реформа жүргүзүү үчүн гумандуу педагогикага басым жасоо зарыл. Бул тууралуу Эмгек сиңирген мугалим Орозали Сайдилканов билдирди. Гумандуу педагогика – ар бир баланын табиятына шайкеш келе турган окуу-тарбия ишин жүргүзүү. Ал билим берүүнүн мазмунун эки негизги багыт: мамлекеттик ченемдер жана жергиликтүү өзгөчөлүк түзөрүн айтты.

«Айылда чоңойгон балдардын баары дарыгер, окумуштуу, экономист же мугалим болбойт да. Балдар ийгиликтүү жашоо көндүмүн ошол жерден алышы керек. Мисалы, мал багууну үйрөнүшү керек. Ал эми мал жок жерлерде өсүмдүк өстүрүүнү, бак отургузууну үйрөтүү зарыл. Же балдарды үй тиричилигине керектүү буюмдарды өзү сантехник катары иштете билүүнү үйрөтүшүбүз керек. Ушул нерселерге көңүл буруу керек».

Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев Дүйнөлүк банктын каржылоосу астында быйыл 1200 мектеп компьютер менен толук жабдылып бүтөрүн белгиледи. Ал азыркы тапта дагы 300 мектепке компьютер алып берүү боюнча Индия менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын маалымдады. Министр билим берүү тармагында комплекстүү түрдө реформалар башталып жатканын баса белгиледи. Аталган реформалар 3-5 жылдан кийин гана сезилип, натыйжасы көрүнүп баштаарын кошумчалады. Ал эми мектептердеги окуу китептеринин линейкаларын 12 жылга тууралап, системаны калыпка салуу үчүн толук 10 жыл керектелерин кошумчалады министр. «Азыркы китептер моралдык жактан эскирген. Алардын коомго, балдардын келечегине пайдасы канчалык деңгээлде тийип-тийбегени боюнча изилдеп жатабыз. Ошондуктан балдардын талабына жараша, аларга келечекте кандай көндүмдөр керек болсо, ошол көндүмдөр камтылган китептер чыгышы керек болууда».