Негизги миссия, максаты, маселелер

Негизги миссия, максаты, маселелер

Негизги миссия, максаты, маселелер

Негизги
Миссия, максаты, маселелер
Миссия
Медициналык билимди, клиникалык илим менен инновацияларды
интеграциялап, маданий баалуулуктарды эске алуу, заманбап маалымат
технологияларын өнүктүрүү, билимди сактоо, жайылтуу жана иш жүзүндө
колдонуу системасынын негизинде, коомдун интеллектуалдык элитасын,
жаңы муундун дарыгерлерин даярдоо.
Стратегиялык максат

ЕЭМУнун стратегиялык максаты – ЕЭМУну эл аралык деңгээлде калкка
квалификациялуу жардам көрсөтүү үчүн практикалык билимди жана
көндүмдөрдү колдоно алган, жогорку сапаттагы билимге ээ бүтүрүүчүлөрдү
даярдаган университет катары таанытуу.

Стратегиялык маселелер
ЕЭМУнун ролу, миссиясы жана стратегиялык максаты жөнүндө көз
караштын негизинде, ЕЭМУнун төмөнкү стратегиялык максаттары
аныкталды:

Саламаттыкты сактоо системасынын муктаждыктарын эске алуу менен
эксперименталдык окуу планынын негизинде, 560001 "Жалпы медицина"
(чет элдик жарандар үчүн 5 жылдык окуу) адистиги боюнча жаңы муундагы
дарыгерлерди даярдап, глобалдык жана улуттук деңгээлде адамдын туруктуу
өнүгүү максаттарын (ТӨМ, 3б) ишке ашырууга көмөктөшүү.
Окутуунун инновациялык методдорунун, билимди баалоонун заманбап
ыкмаларынын негизинде жана жергиликтүү, чет өлкөлүк университеттер
менен тажрыйба алмашуунун негизинде окутуучулардын потенциалын
өркүндөтүү жана квалификациясын жогорулатуу.
Илимий изилдөө жүргүзүү, билим берүү процессин өркүндөтүү, илим менен
практиканы интеграциялоо үчүн ЕЭМУнун институционалдык потенциалын
өнүктүрүү.
Окуу процессине, клиникалык практикага, медициналык билимди жана
илимди башкарууга заманбап маалыматтык технологияларды киргизүү.
ЕЭМУнун студенттеринин жана окутуучуларынын муктаждыктарына
багытталган социалдык инфраструктураны түзүү.

ЕЭМУну локалдаштырууну жана башка медициналык уюмдар менен
интеграцияны эске алуу менен бирдиктүү медициналык мейкиндикти түзүү.
Эл аралык мамилелерди өнүктүрүү, эл аралык илимий жана кесиптик
уюмдарга мүчө болуу.