Салттуу музыка жумалыгы

Салттуу музыка жумалыгы

2023-жылдын 20-25-апрелинде өтүп жаткан «Салттуу музыка жумалыгы» алкагында, бугун Евразиялык Эл аралык университетинде (ЕЭУ) «Салттуу искусство» музыкалык кафедрасынын ачылышы болду.

Бул салтанатка, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, кыргызстандын белгилүү маданият өкүлдөрү катышышты. Казакстандан Курмангазы атындагы улуттук консерваториясынын ага окутуучусу Нургүл Жакыпбек Бекжан кызы баштаган делегация да келди. Коноктор, «Салттуу искусство» музыкалык кафедранын окуу бөлмөлөрү менен таанышып чыгышты.

Евразия Эл аралык университетинин ректору Роза Аманова, Б. Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинин ректору Түмөнбай Колдошев, Шубин атындагы музыкалык мектебинин директору Гүлзинат Суранчиева, М. Куренкеев атындагы музыкалык окуу жайынын директору Советжан Асанкадыр, Кыргыз улуттук “Манас театрынын” жетекчиси Азиз Биймырза уулу менен кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Буга чейин Казакстан Республикасынын Курмангазы атындагы консерваториясы менен да кызматташууга кол коюлган эле. Ошондой эле КР эл артисти Жолболду Алибаевге, КР эл сүрөтчүсү Таалай Курмановго, КР эл сүрөтчүсү Кадыркул Орозматовго, “Көчмөндөр оюнунун” авторлорунун бири Аскат Акибаевге ардактуу профессор наамы тапшырылды. Азем соңунда Манас айтылып, Евразиялык Эл аралык университетинин “Эргүү” эстрадалык-фольклордук ансамбли концерт берди. Жаңы ачылган “Салттуу искусство” кафедрасы, мындан ары кыргыздын комуз, ооз комуз, ж.б аспаптарын үйрөтүү менен элдик вокал, эстрадалык вокал, аспаптагы аткаруучулук адистиктерди даярдап, чыныгы элдик таланттарды чыгарат.